11 жаштагы баланы зордуктоого аракеттенген эки жаран 20 жылга кесилишти

Мезгил.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында эки мас эркек өздөрүнүн бөтөлкөлөшүнүн 11 жаштагы уулун зордуктоого аракеттенишкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү билдиришти.

Анда айтылгандай, ушул жылдын 8-мартында саат болжол менен 19:00дөр чамасында А.А. менен А. О. О. И.  аттуу досунун үйүнө келишет. О.И. катуу мас болуп калганда, андан пайдаланган достор коңщу бөлмөдө отурган анын 11 жаштагы уулун чакырышат. Баланын каршылыгына карабай керебетке жаткырышып, шымын чечип, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүүгө аракеттенишет. Тилекке жараша, алардын арам оюу ишке ашпай калган.

Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен кылмышкерлер 20 жылга эркинен ажыратылышты. Алар жазаларын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөшөт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *