Мезгил
12-февралдан 4-мартка чейин жол эрежесин бузган айдоочулар айыпка тартылбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата Бишкек жана Чүй облусунда камералар “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 17 миң бузууну каттады. Бирок алар үчүн айдоочулар айып төлөбөйт. Кодекстеги өзгөртүүлөр күчүнө 4-мартта кирет.
Белгилей кетсек, Бишкекте 12-февралдан тарта камералар ишке кирип, жол эреже бузуунун 7 түрүн каттап жатат.