КӨЧМӨНДӨР КАГЫЛЫШЫ: Качыке баатыр менен Ниязбек бийдин жолугушуусу

Мезгил

“Көчмөндөр кагылышы” Качкынбай Осмоналиевдин калемине таандык көчмөн элдин көчмөн турмушунан кеп салган тарыхый табылгыс чыгармалардын бири. Тарыхы болбой эл болбойт дегендей бабаларыбыздын баскан жолунан кеп салган бул чыгарманы эч кимибиз унут калтырууга акыбыз жок. Анткени,  “Көчмөндөр кагылышы”тарыхый роман катары кийинки муундарга берүүчү нравалык сабагы арбын.

Казакты казак чапкан малын талап,

Кыргызды кыргыз кырган канын жалап.

Тулпардын туягынан чаң ызгытып,

Жоо сүргөн, эл коргогон эр-азамат.

Өткөндүн эрдиктерин иттиктерин

Калбырлап, баш чайкайсың, атаганат!

Атаганат… Жүрөк канап… Көз каканак…

Чыгарма ээсинен

БИРИНЧИ Бөлүм

Баш деген – баш! А башты баш кылган – мээ. Мээ иштебесинчи! Көз көрүп, эмнени ажыратат? Кол кармап, кайсыны көтөрөт? Бут басып, не жолду арбытат? Бүт тулкуну баш башкарып, мээ тейлеген сымал, ар айылды теске салчу бир башчысы болот. Ал өзүн: карамагымдагы айылдарды башкара аламын, менин мойнумда аларды башкаруу милдети турат деп, өзүн ишенимдүү сезет да, берген буйругун туура деп чечет. Баш ийүүчүлөр да анын кабак-кашына карап, моюн сунууга аргасыз. Ошол баш ийүүдөгү аргасыздык пенделерди жакшылык үмүткө да жеткирет, азап-тозокко да туш кылат. Акыры, абалкы туура өңдөнгөн, дилди баш ийдирген башкаруучулуктун анык купуя сырынын дал чыгышы, же адашып калышы кийин-кийин ачылат.

Анда, ошондой башкаруучунун бири, Жумгал өрөөнүндөгү Кулжыгач элин бийлөөчү Качыке сүттөй ак боз үйүнө капалуу келип түштү. Бүгүлүп ат алгандар анын Маралтору күлүгүн суулуктап, жулкунта жетелеп, тээ нарыдагы кайың мамыга аса байлады. Ат ойдолоп, каңтаргасын чоё ооздукту карсылдата кулагын кагып бышкырды да, терге чөмүлгөн денинен буу чыгып, аркырата төктү. Катуу силкинди. Бар күчү менен күрс дем алып, жөө туман каптаган өрөөн-чокуларга, карагай, арча баскан беттерге тикирейет. Үйүрүн издей, сол санын солбуп турду.

* * *

Жайдын кызуу башталышы болсо да, тоо арасы салкын. Адамдар чапан сыртынан курчанып, калпакты баса кийишкен. Эртеден күн көзү көрүнбөдү. Булут самсаалайт. Же жаабайт, же муздак шамалга сүрүлүп, ачылбайт. Мал жоошу кой салкында баш көтөрбөй, оттоо менен алек. Мал жалакайы эчки, койлордон бөлүнүп, бадал шактарына секирип, жар таштардын ылымта коңулдарын бойлоп, жалбырактарды бурдап, бир паста шаштылары кете улагы калган тарапка тап коюп, безилдешет.

Бийиктин иши — бийик. Канчалык алыс болсо да, эчкилердин маараганы короо четиндеги жылтыр жүн улактарына угулат. Улактар чуулдап, басылат. Айрымдары чөпкө чалынып үн чыккан тарапка жамырайт. Аны балдар тосот.

Окчунда көк ыраң баскан өтөк, керилген үч желеде он-он бештен тизилген кулун. Түн бою оттогон бээлер эки саамына чейин үргүлөп, тынч. Үйүрдөгү айгырлар да жаздагыдай жинденишпей туура тартып, жоош. Куйругун көтөрүп, тезек таштап, кайрылып жыттап, башты чулгуп алат да, басып, оттоого киришет. Азуусу күртүлдөйт.

Оо, кыргызды кыргыз кылган ушул кең өрөөн, тунук суу, бийик тоо! Алардын башчыларын эсиртип, зөөкүрлөнткөн береги төрт түлүк мал. Малдын эти, сүтү.

Баш оорутар талаштары – жайыт ээлөө. Амал менен, күч менен башка урууларды моюн сундуруп, өкүм сүйлөө, буйругун ат картуу. Бул, тээ, алмустактан келе жаткан адат. Адаттар кадимкидей салтка айланган. Мурдагыларынан кийинкилерге өрнөк өңдүү, мурас катары кала берген.

Ошол малдын айынан Качыке кыштоо сураш үчүн Ниязбекти көздөйт. Ал өзүнөн көп улуу. Азыр жүзгө чукулдап, карылыктын чегине жетти. Бирок, жылтырап көзү тирүү. Чөгөлөп кулагына кыйкырсаң, булдурап жооп берерге көмөкөйдө тили бар. Оорубаса да чөгүп, төшөктө. Абалын сурап, төгүлгөн жорго алып барса, үзөңгүнү чирене тээп, суусар бөрк башта титиреп салдырчу баягы абаң жок. Элиртип күлүк тартууласа, найза өңөрүп, жоо издөөгө кайдан жарады?! Далыга жаапкан кийимдин да, арналган малдын да ылайыктуусу, бап келгени жакшы. Башкадан алып да көргөн, берип сыйлоонун баркына жеткен Качыке “союшуна” деп эки жигитине туу бээ коштотуп, маралторуну алчактатып жөнөйт.

Ара конуп жетет. Ниязбектин чоң үйүнүн ички жасалгасынан көз тайгылат. Ал жамбашы оюлбас үчүн капка таруу төшөнүп, башына тирей куш жаздыктан койдуруп, аземдүү жатыптыр. Чач сакалы кардан, эт качкан. Жаагы шимилип, бет чүкө чыккан.

-Ассалоому алейкум, баатыр аба! Күүлүү-демдүү турасызбы?! –Качыке кош колдоп көрүштү. Карыя түксүйгөн кашын серпе кызыл жээк көзүн бардап, саамга тигилди. Кайраның, эс-акылын жоготпоптур, тааныды. Кубанып күйшөлдү:

-Ии, адам ээй! Кел, кел. Эл-журтуң аманбы?-деп,кобурай обдулганда үй кызматындагы адам илинүү чепкенин алып жаап, отурууга сүйөмөлөдү.

-Чакырт!-деди кимдидир,-дасторкон да мында жайылсын… “Кыз сулуусу калмакта, сөз кычкылы саякта”, -дешет. Өзү келген тура!

Качыке чарт айрылып, каткырды:

-Бизди баалайт экенсиз го, баатыр аба?

-Мен баалабаганга болосуңарбы! Биздин баатырлар жоо чаап, жылкы тийип келсе, силер ээсинен озунуп, колдон жуула качасыңар. А айылыбызга жоо тийгенде… “Ойт бермеңер” кармап, токой-чер, үңкүрүңөргө жите качасыңар!-деп, титирей күлдү.

Качыке кошо күлдү. Айтылган сөздүн жүйөөсү бар:

… Ичинде кымыз кайнап, кан төбө тепкен. Алдында күлүк туйлап, алыска жеткен кыргыз, казактар төрт түлүк малына көзү тойбой жери танапташ жунгарлардын тынчын алган. Эр өлтүрүп, айылын чаап, келин-кызын олжологон. Миңдеген ай туяк тийген. Кек арты чала өлтүргөн ажыдаар. Ал айланып туруп, куйругу менен чаппай койбойт. Бир кездерде кызыл уук болуп, талоонго түшкөн жуңгарлар акыры баш көтөрөт. Кылдат даярданган алар кыргыз-казак аттууну шыпыргы менен шыпыргандай түштүк-батышка сүрөт. Бир мезгилде толкундай ала салып, өрттөй өөрчүүчү кыргыздар каптаган жоого туруштук бере албай, бештен үчү кырылат. Анжиян, Букарага кире качат.

Ошол учурда Кулжыгач эли Кабактын аскалуу тоолорунун буйга-туюктарына жашынып, көп чабылбай калган экен. Ниязбек азыр ошону эскерди.

Качыке катуу-унчугуп, Ниязбек колун кулагына артына калкалай калып, баш ийкеп, кеп жөнөттү:

Ээ боорум! Иним. Өзүңдү көргөндө мен эмнеге жетине албай сүйүнүп отурам(-деди карыя муңкана. Жаштын иши жаш, баштын иши баш деп, бир угар элем. Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт деп эки угар элем. Эли тозмоюн эл кадыры билинбейт, жери тозмоюн жер кадыры билинбейт деп үч угар элем. Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт деп, төрт угар элем. Бая белде кубат барында, билекте күч барында, жүрөктө от барында азууга салып таш чайнап, алаңгазар кыял менен алоолоп сөз кадырын билбегем. Сөз кадырын билбесең, өз кадырың билбейсиң. Дөбөгө чыгып сүйлөшүп, сөзгө кулак тосуп, сөз кадырын билгенде адамга көз бүтөт экен. Көз бүтүп, имерип, алысты карай баштаганыңда карылык жакадан алып, адамга ажал чукулдай баштайт экен. Топтогон акылыңды билбегендерге үйрөтөйүн десең, бирөө угат көбү кол шилтейт. “Сенин иттик менен өткөн өмүрүңдү бу да басканы турат деп чөгүп, шалдырайсың!”-деп Ниязбек эриндери титиреп, жашыды.

-Көзүңдү көргөндө бир күн сүйлөшүп алсам да көңүлүмө кубат деп, сүйүнүп кетпедимби…

Силер ал жакта жатып бир топ урукка, мен быякта жатып бир топ урукка бөлүнүп кетебиз да, “силер”, “биз” деп, төш кагабыз. Мыкты жактарыбыз болсо көтөрүлүп, көкөлөйбүз. Кемчил жагыбыз болсо, чөөттүн көзүнө чөп таштагансып, жашырабыз. Санжырага түшсөк түбүбүз бир, “оң” атанат. Анын “сол” атанган толгон уруулар турган туугандар бар. Бул экөө түбүндө кайра кошулуп, бир атанын эле балдары болуп чыгат. А, урган баш! Кыргызды кыркка чачып алып, кырчылдашып өттүк. Өөх!

Абаке! Айткандарыңа кулдугум бар! Мобу, “Башка мүшкүл түшкөндө Кабактын капчыгайына бекинип каласыңар” дегениңиз, чыны, сокур көзгө камчы тийгендей жанга батып атат. Кечээ, кокон колунан эч ким шамыян кайрыбай койгондо биз тарап катуудан казаны, жумшактан күлү калганча кармашты. Кокондо “жеңилбес” атка конгон Арап баатырдын беш жүз аскерин Көк Арт ашуусунда Тайлактын колу талкалады. Андай ички “ойт бермегибиз” көп болсо ириде биз корголойт элек го, кокондуктун этегине.

Ашыкпа! Тээ алыс бир заманда Тагай бий хандын каарына калып ордого камалган. Кийин бошонуп чыкканда калыңсыз үйлөнгөн кош бой аялын ээрчиткенден намыс көрүп, аманат айтат: “көз жарып эсен төрөсөң-кыз болсо убал-сообу өзүндө. Эркек болсо атын Карачоро кой да, кийин эс тартканда мобу кездигимди берип, мени издет”.

Акыры Карачоро атасын табат. Каражоросу жок бир селсаяк бала Карачорону ээрчип келет. Аны да Тагай бий асырап алат. Силердин бир атаңар ошол. Кийин эки эл чабышып, эрөөлгө киши чыкпай атканда азамат болуп калган баягы асыранды уулу өзү суранып эрөөлгө чыгыптыр. Ал катары менен үчтү сайып өлтүрүптүр. Жетине албаган Тагай бий тура калып алакан жайып:

Эки тизгин, бир чылбырды, эми өз колуңа ал!-деп батасын берген. –Ниязбек тык-тык жөтөлдү. Демин басып:

-Тагай бий дагы бир жерде ошол уулуна: “Колуңдан туу кетпесин. Айылыңдан чуу кетпесин!” деп, экинчи батасын берген дешет,-деди. Жайыт сурап келген Качыке: “Кайран абам! Сөөгү мыкты да. Акылы тунук боюнча. Уккандарын жаайтты” деп, жайдарыланып, көтөрүлө сөзүн улады:

Тууганыңар Маматкулду ызалаган туугандарынан жем кайрып берген да биздикилер. Же жалганбы, аба? Ушул жагынан кеп козгоп көрүңүзчү?

Карыя башын ийкеп, күлдү:

Небаккы өткөн кем-кертикти козгоп, каткан жоорду кайра сыйрытып койсо оой, устасыңар да, адамда жок!

Бул тамашынын да бир аз чындыгы бар.

…Кыргыздар ууч талкан, үзүм нан издеп Букар, кокон, Анжиян, намангандан бери чачылып тентип жүргөдө, маматкул кайдан жыргайт. Дарагы мөмө байлаган түштүктө өлбөстүн күнүн көрөт. Наманганды башкарган улукка жигит болуп кирип кеткен уулу Болоттун жапканын кийип, сунганын ичет.

Улук күндөрдүн биринде көзүнөн от жанган Болотту чакырат:

-Бир ишке жумшаганы турам.

-Кулдугум бар такысыр! Буруңуз.

Улук өзү көрдү бекен же кабарын эшитип, колуна тийгизе албаган бирөө айтты бекен? Айтор, шарт менен катуу тапшырма берет:

-Өзүң таштап качкан Боомдун аягында жылкысы чегирткедей жайылган калмактын байы бар. Ошонун бир тулпарын колума тийгизсең… Каалаганың кабыл болот.

Кайкы кылыч байланып, ат күлүгүн тандап минген Болот жайдын толугунда, конуп-түнөп, мерчемдүү жерге жетет. Атын буйгага чидерлеп, нечен күн өңүттөн өңүт которот.

Топ-топ жылкыларды көзүнөн өткөрөт. Бирок издегени илинбейт. Күндөрдүн биринде түш оой, Кичи-Кеминдин бөксө тоосунан калың жылкы көрүнөт. Төрт жүздөй тобу чоң сууну көздөй чууруйт. Бөлүнгөн субайлар арасында жарганаттай түгү бар, бир кара жал сур туураланып, мөңкүп ойноп келет. Жигиттин көзү ошого түшөт. Ал сууга эң алды болуп жетти. күү менен дал агын ортосуна күпүлдөтүп кечип келип, өйдө баштанып, шимирип калды.

Болсо ушул өзүдүр?!-деп, шамдагай жигит тик басты. –тулпар адамдан качпайт дечү эле. –Кемердин кум-шагылын эше жеткенде кур жүргөн азоолор кошкуруп, жалт берди. Сур жээке чыгып, арткы аягын суудан албай кулагын кайчылаштырып, чобурча тынч. Жылкыга кыргыйдай чапчаң кыргыз тукуму эмеспи, башына шып жүгөн катты да:

-Ыя Алла, жол бер! Деп ыргып минип, жөнөдү. Өз атын коштоп, Сурду минип чу койгондо алыскы айыл үстү туят. Он адам кыйкырык-чуу менен куугунга алат. Өлөр-тирилерине карабай чапкан куугунчулар арттан сая түшөт. Болот Шамшыны ашып, суусамырга жетет. Чаңдууга салып, Кетмен-Төбөнү беттейт. Кирип турган Нарын дарыясын сүздүрүп чыгып кеткенде, чукулдап калган куугунчулар чалмалана окторулуп күрпүлдөп жаткан дарыяга батынышпай жээкте өкүрүп, чачын жулуп кала беришет.

Көзүн алып келипсиң!-деп Болотко улук ыраазы,-шертимен танбайм, акыңа аларың эмне?

-Таксыр! –жигит таазим кыла сыңар тизелейт,-аймагыңызда чачылган элими чогултуп бериңиз?

-Ах атасы Бөрү!-Улук бармагын тиштеп, дал. Ал бойдок Болотту катын сурайт деген ойдо болгон. Бул эл сурап жатат!

-Оозумдан чыккан шертимди арам этпейин,-дейт улук, -өтүнүчүң кабыл… Жигиттер, чапкыла!

Баш кошкон эл арбыйт. Ай өткөрүп, жыл өткөрүп… Качкан конуштарына жөө-жалаң тыңчы жиберет. Баш кошуп, ирденип, атка минип калган кыргыздар кек алуу үчүн акыркы кол салбай койбой турганын сезишти бекен, же башка себептери болгонбу, айтор, жуңгарлар басып алган жерлерин таштап, Текестен ары тереңге кетишет. Жиберилген кыргыз тыңччылар Кең-Колдо, Кызыл-Омполдо нечен күн жашынышат. Чалгындайт. Абайлашат. Көл жээгин артып, жан учурата алышпайт:

Элкин-элдин, элкин тоо,

Элкин тоого биз чыктык,

Эл карааны көрүнбөйт…

Уландысы бар

Булак: Мезгил Ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *