Асанкалый Керимбаев: “ Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин “Ак булуттарды” ойнотуп келгиле”

Мезгил

Сезгендей айрыларды коркоор элем,

Алтын кум сен баарына орток элең.

Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,

Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем

сөзү Омор Султановго, обону Асанкалый Керимбаев агабызга таандык “Ак булуттар” чыгармасын кимдер билбейт. Автордун айтуусунда бул ыр жетимишинчи жылдардын аягы, сексенинчи жылдардын башында жаралган.

-Сүйүү-бул ар бир адамга келчү керемет сезим. Мен дагы убагында бир татына кызга ашык болдум. Тагдыр экен, турмуш шартка байланыштуу таарынышып, бир топ алыстап кеттик. Сүйүүдөн бүткөн жарат айыкпайт тура.  «Ак булуттар» мына ошол кызга арналган.

Түгөлбай Казаков: “Келсем, рельстин үстүндө отуруптур. Сурасак, анын “ажалы” кечке маал өтөт экен”

Өзүм көлдө чоңойгондуктан жалгыз көлдү жээктеп жөнөдүм. Көлдүн үстү тыптынч, көпкөк асман, калгып бараткан аппак булуттар, айрылган сүйүүм. Мына ошолордун баардыгы, табияттын, көлдүн керемет көрүнүшү  дал ушул чыгарманын жаралышына түрткү болгон –деди Омор Султанов

Элибиздин белгилүү акыны алгач бул ырга обон чыгат деп деле ойлогон эместигин айтат.  

-1978-жылдар болсо керек бир күнү аккордеонун көтөрүп алып Асанкалый үйгө келиптир. “Ак булуттарды” китептен таап алып бир обон чыгардым”,- деп бир куплетин  ырдап берди. Асанкалый мыкты обончу, нукура талант эле. “Ак булуттардын” Асанкалыйдын тагдырына байланышкан шарттары бар экендигин кийинчерээк билип калдым. Аны ырдаганда өзүн унутуп калган учурларын көп байкачумун. Кээде чолок жаш чыгарып, ыйлап да алчу. Ал жашоодо да толуп-ташып турчу, бирок, бир түнөрсө көпкө кабагы ачылбай жүрөр эле. «Ак булаттарды» азыр да кээ бирөөлөр ырдап калат, бирок Асанкалыйдай эмес, супсак-деди Омор Султанов.

Ал эми элибиздин залкар обончусу Асанкалый Керимбаев өз кезегинде бул чыгарманын жаралуу тарыхы мындайча баяндаган экен:  

Омор байкенин ырлар жыйнагы кокусунан колума тийип калды. Өзгөчө  “Ак булуттар” аттуу ыры жагып, кайра-кайра кайталап окудум.

“Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,

Айдалып баратканда ак булуттар…” – деген саптарды окуганда көзүмө ысык жаш тегерене түштү.  Менин чоң атам Керимбай кезинде жалган жалаа менен айдалып баратканда чоң энем буркурап, көзүнөн жашын тыя албай боз үйдүн босогосунда ыйлап турган экен. Денемди жалын каптагандай, ошол элес көз алдыма келип, көөдөнүмдүн тереңинде бугуп жаткан буулуккан бук “Ак булуттар” деген ырга айланды…

Ал эми көөдөндө бугуп жаткан букту, залкар таланттар төмөнкүчө чыгарган экен. Көлдөгү кечени Омор Султанов мындайча эскерет.

-Кыш  мезгилинде мен Көлгө өзүмдүн айылым Тосорго бара жаткам. Асакени чакырып, ыр жаралган жерди көрүп кел деп ээрчитип алдым. Кыш мезгили, көл жээгине барып алып “Ак булуттарды” берилүү менен ырдады. Бир аздан кийин карасам Асаке ыйлап жаткан экен. Аздан соң мен да шолоктоп ыйладым. Кечинде Акембай деген таякемдикинде боз үйдө отуруп ырдап берсе, толкунданып чыдабай кеткен таякем ыр үчүн  түн бир оокум экендигине карабай бир козусун союп берген эле. Ал өзү ырдачу деле эмес. Менимче Асанкалыйдын ырдаганы өтө чоң таасир берсе керек-дейт Омор Султанов.

Ал эми Асанкалый Керимбаев белгилүү акын алгач «Ак булаттарды» жакшы кабыл албаганын, бир күнү атайын өзүн көлгө ээрчитип барып, көл жээгинде «Ак булаттарды» ырдап берүүсүн суранганын мындайча эскерген экен:

Омор байкеге адегенде “Ак булуттарды” угузсам, түшүнгөн жок. Кийин мени атайын Ысык-Көлгө ээрчитип барды. Экөөбүз көлдүн жээгинде отурабыз. Анан эле: “Асаке, кана эми баягы “Ак булуттарды” ырдап берчи”, – деп калды. Мен ырдап… Омор байкенин ошондогу эчкирип ыйлаганы эсимден кетпейт. Мен да кошулуп, өпкө-өпкөгө тийбей шолоктоп ыйладым. Күн аябай бүркөк, көл бир башкача толкугансып, шарп-шурп, улам жээкке урунат. Омор ага жаш баладай далайга ыйлады… –деп айткан экен кайран талант.

“Ак булуттар” Асанкалый Керимбаевдин жүрөгүнүн тереңинен орун алганын ушундан байкасак болот, залкар талант досторуна  “ Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин “Ак булуттарды” ойнотуп келгиле”,-  деп керээз кылып айткан экен…

АК БУЛУТТАР

Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,

Силерди ак булуттар жолдош кылып.

Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,

Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркоор элем,

Алтын кум сен баарына орток элең.

Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,

Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,

Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.

Сен азыр эмнени ойлоп турдун экен,

Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,

Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.

Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,

Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *