Өзбекстан: Азия биринчилигине кыргызстандык спортчулар катышты

Мезгил

Өзбекстанда өткөн Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчулар катышып, карате түрү боюнча 2 медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирген.

Биринчилик  Ташкент шаарында 17-21-июль күндөрү өткөн. Эки машыктыруучунун жетекчилиги астында Кыргызстандын атынан 15 спортчу катышкан.

Маалыматка караганда, мелдештин “Кумитэ” түрүнүн жыйынтыгында кыргызстандык команданын куржунунда бир күмүш, бир алтын медаль топтолгон.

Кыргызстандык Рафаел Акбаров күмүш байгени жеңип алды. Алгачкы беттешинде Иорданиядан келген Ахмад Мухамед Фахедди 5:3 эсебинде, кийин непалдык Пудасани Раживди 2:0 эсебинде уткан. Финалда жарымында кытайлык Ан Бохиангом менен чыгып, 3:2 эсебинде утулуп жаткан. Бирок таймаш бүтөөрүнө 30 секунд калганда кытайлык спортчу жаракат алганына байланыштуу таймашты токтотууга аргасыз болгон.

Мындан улам, Рафаел Акбаров финалга чыккан. Финалдык беттеште өзбекстандык Садриддин Сайматовго 6:2 эсебинде жеңилип калган.

Спортчу кыздардан Кымбат Тойтонова 61 кг чейинки салмак ченинде коло байгеге ээ болгон.  Ал Түндүк Кореядан келген Ко Джи Рюнду (1:0) утуп, бирок, кытайлык Инь Сяоянга (0:4) утулуп калган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *