Мезгил
Кыргызстанда 16-мартта жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.
Жыйнап-тазалоо акцияларын өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлдү.