Туулган күн. Сапар Исаков 42-жайын абактан тосту

Мезгил 

Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тарапташтары чогулуп, туулган күнү менен куттукташты. 

Тарапташтары соттун имаратынын алдында Исаковдун сүрөтү жана “Сапар Исаков, туулган күнүңүз менен, эл сиз менен!” деген лозунгдарды көтөрүп келишкен. Ал эми сот залындагы тарапташтары да ушундай эле плакаттарды кармап алышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн Сапар Исаков  42 жашка толду. Ал 2018-жылды  Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча козголгон иштин негизинде камалган.

Эске салсак, былтыр Сапар Исаковдун тарапташтары анын туулган күнүн Бишкектин “Эмен” багында белгилешкен.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *