Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча сот отуруму 5-августта уланат

Мезгил

Бүгүн, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өттү. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылып, күбөлөрдөн сурак  алуу иши  уланды. Алардын катарында мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жан сакчысы Руслан Иманкожоев да суракка чакырылды.

Эске сала кетсек,  эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылган болчу.

Ал эми кийинки сот отурум 5-августта боло турган болду.

 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *