Тергөө менен кызматташуу Аида Саляновага абдан жарашат

   Мезгил

Тергөө органдарына бийликтен ишарат болгонбу, айтоор тордо жаткан Аида Салянованы үй камагына чыгарды. Ал камактан чыгып, Батукаевдин иши боюнча тергөө менен кызматташууга бара тургандыгын билдирген. Жалпак тил менен айтканда Манас Арабаевдин жолун жолдомокчу. Деги Аида айым туура мезгилде туура эле жолду тандаптыр. Батукаевдин иши боюнча башкы айыпкер делинип иш козголуп, айып кагазы колуна карматылган канкор Атамбаев өзү түрмөгө түшүп олтурат. Шеф түрмөгө түшкөндөн кийин алды-алдынан тал кармачу киши жок, Аида айымдын да жасаары, тандаган жолу ушул жол болмок.

ИИМдин Басма сөз кызматы тараткан билдирүүдөн:

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жактоочусунун катышуусунда А. Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосун билдирди. Ушуга байланыштуу, жаңы мыйзамга ылайык башында тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлдү.

Тергөө менен кызматташуу Аида Саляновага абдан жарашат. Анткени ал аял заты. Аял заты анча мынча нерселерди жасап койсо боло берет. Ал эми Батукаевдин иши боюнча айтсак Шамил Атаханов баш болуп тергөө менен кызматташууга баруу ниетин билдирип, Атамбаевди сатып кетпеди беле? Мурдагы прокурор Аида Салянова андан кем бекен? Прокурорлорду мыйзам «сындыра» албаса, түрмөнүн суук жели «сындырып» коёт деген чын белем?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *