Тогуз-Торого «Макмал Голд Компани» 5 миллион сом которду

    Мезгил

Макмалда алтын казып жаткан компания «Макмал Голд Компани» Тогуз-Торо районунун “Өнүгүү фондуна” 5 миллион сом которду. Бул тууралуу «Кыргызалтын» ААК маалымат таратты.

«Макмал Голд Компани» ЖЧКсы менен Тогуз-Торо районунун калкы ушул жылдын августунун башында макулдашуунун акыркы вариантына кол коюшкан. Анын шарты боюнча инвестор фондго 5 миллион сом которушу керек болчу. Мындан сырткары райондун бюджетине салык төлөмдөрүнөн 40 миллион сом келип түшкөн.

Учурда 312 жаран жумуш орду менен камсыз болгон. Алардын 283ү жергиликтүү тургундар. Чет элдик адистер үчүн 35 кишиге орун берилген, учурда 29у иштеп жатакандыгы маалымдалды.

Эми тогуз-торолуктар кытайларды “кет” деп кубалабас болду окшойт. А солтон-сарылыктар эмне кылышып жатышты экен?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *