2020-жылдагы шайлоодо 30 пайыз мандаттар аялдарга берилет

Мезгил

2020-жылдагы айылдык кеңешке шайлоодо 30 пайыз мандаттар аялдарга берилет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.  

 Маалымдалгандай,  шайлоо мыйзамына өзгөрүүлөр киргизилген. Ага ылайык, ар бир айылдык кеңеште 30 пайыз орундар аялдарга бөлүнүшү керек.

Белгилеп кетсек, 2016-жылы өлкө боюнча депутаттардын болгону 10 пайызын аялдар түзгөн.

Ал эми бүгүнкү күндө ар бир бешинчи айыл кеңешинде бир дагы айым жок.

Эске салсак,  Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомун Жогорку Кеңеш 27-июнунда кабыл алган. Мыйзамга 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин күчүнө кирген.

Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *