Эсиң барда этегиңди жап

  Мезгил

Бир кезде ишкердикти өнүктүрүү максатында аларды ашыкча текшерүүгө чектөө салынып, керек болсо өрт өчүрүү кызматы да ишканаларды 1 жылга бир гана жолу текшерип калышкан. Бул көрүнүш аз убакыт өтпөй эле өзүнүн терс жыйынтыктарын бере баштаган. Коомдук тамактануу жана эл көп топтолгон соода жайлары, базарлар биринин артынан бири өрттөнгөн учурлар катталган. Тамак-аш коопсуздугу боюнча да массалык уулануу фактылары көп каттала баштаган.

Ушундай жагдайларды депутаттар эми эске алып жатат көрүнөт. “Ишкердиктин субъектилерин текшерүү тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламент депутаттары экинчи окуудан добуш берүүгө жиберишти. Муну Экономика министрлиги сунуштаган эле. Эми ишкерлерди текшерүүлөр эскертүү берилбей туруп ишке ашырыла турган болду.

Бизде артык кылабыз деп жатып, тыртык кылып алган учурлар көп эле кездешет. Канткен менен ишканаларды текшерүү жагын калыбына келтирүү иши убагында жасалды окшойт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *