Мезгил
Бүгүн 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3 жана Нарын облусунда 12 адамда коронавирус аныкталды”, – деди ал.
Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895.