Мезгил
Орусиялык сайттардын бири кыргыз паспортун 15миң рублга сатып алууну сунуш кылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Орусиялык сайттардын бири, тагыраагы PRAVABZ порталы Кыргызстандын эски үлгүдөгү ID-карт паспорттун 15 миң орус рублине сунуш кылып жатат.
Андагы маалымат боюнча, бериле турган паспорттор текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтө турганын, эч кандай шек жаратпасын, эгер кошумча 3 миң рубль төлөнсө паспортту валидациядан өтө тургандай деңгээлде жасап беришээрин аталган сайтта убада кылышкан.
Учурда бул тууралуу Ички иштер министрлиги текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Мезгил ньюс