Бишкекте дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Айдай Аят кызы изделүүдө

    Мезгил

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айдай Аят кызы изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.  

Айдай Аят кызы 10-февраль күнү саат 15:00 чамасында Түштүк магистралдагы “Глобус” соода борборунун аймагынан Тойота Калдина үлгүсүндөгү таксиге түшүп кеткен боюнча үйүнө кайтып келе элек. Бул тууралуу анын апапсы билдирди. 

 Апасынын айтымында анын унаага түшүп кеткени ошол жактагы видео көзөмөл камерасына түшүп калган. 

Изделип жаткан кыздын өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери – кара түстөгү күрмө, кара шым жана ачык күрөң түстөгү бут кийим.

 Октябрь РИИБи Айдай тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0555) 01-17-17, (0700) 17-17-32 , (0701) 80-89-42, (0706) 80-12-91 номерлерине чалып коюуну өтүнөт.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *