Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөк оорусу күчөп, ооруканага жаткырылууга муктаж болууда

Мезгил. 

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага жаткырылууга муктаж. Ал жүрөгү ооруганына эбактан бери даттанып жүргөн.

Кыйноолорго каршы Улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов экс-премьер-министр балачагынан эле жүрөк оорусу менен жабыркап келгенин жана учурда оорусу катуулап, дарыгерлердин көзөмөлүнө муктаж экенин айтып чыкты.

Жантөрө Сатыбалдиев учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 “Аны биздин борбордун  кардиологу текшерүүдөн өткөрүп, корутундусуна таянсак, Сатыбалдиевди тез арада ооруканага жаткыруу керек. Тийиштүү документтерди, тастыктаманы,  экс-премьер-министрдин туугандарынын жана адвокаттарынын кайрылуусун  УКМКга жөнөттүк. Алар азыр арызыбызды карап жатышат”, – деди Нурдин Сулайманов.

Жантөрө Сатыбалдиев ушул жылдын 20-июнунда камакка алынган.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *