4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга Түркия Кыргызстандан жардам сурады

Мезгил. 

4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга Түркия Кыргызстандан жардам күтүүдө. Бул   маалымат жыйынында белгилүү болду.

3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов  түрк тараптын суранычына Кыргызстан баш тартпай турганын белгиледи. Ошондой эле, айтымында, логотип өзгөртүлбөйт.

“Учурда ушундай маселе коюлду. Биз, албетте, жардам беребиз. Көчмөндөр оюнунун азыркы логотиби ал башка өлкөлөрдө өткөрүлсө да өзгөрүүсүз калат. Анын автору сүрөтчү Майрамкул Асаналиев, Түркия бул символду колдонууга уруксат сурайт. Логотиптин чок ортосу ошол бойдон калат, а айланасындагы орнамент ар бир оюнда ар башкача болот”, – деди ал.

Бүгүн оюндун жабылыш салтанаты болот. Анда, президент Сооронбай Жээнбеков түрк тарапка тоо суусунун музун тапшырат. Бул оюнду өткөрүп берүүнүн ритуалы. Уюштуруучулардын түшүндүргөнүнө караганда, таза суу бүгүнкү күндө планетада курч маселелердин бири. Биздин абалда суу мамлекеттин байлыгынын символу.

Түркияда өтчү кийинки көчмөндөр оюнунун эрежеси да өзгөртүүсүз калаары кошумчаланды.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *