4-кабаттан наристеси менен секирген аял мурда да өз жанын кыйганга аракеттенген

Мезгил. 

Ош шаарындагы кичирайондордун биринде 40 жаштагы аял сегиз айлык наристеси менен 4-кабаттан секирип, өз жанын кыюуга аракет жасаган. Бирок, бактыга жараша, эне менен наристе аман калышып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматына караганда, аял буга дейре да өз жанын кыюуга аракет жасаган.

“Аял  Алай районунда туулап-өскөн экен. Чүйгө турмушка чыгып, үч балалуу болуптур. Бирок, турмушу ойдогудай болбой калып, ар кандай  келишпестиктен улам эки баласын күйөөсүнө  таштап, сегиз  айлык  кичүү баласы менен август айында Оштогу эжесиникине келиптир. Ошондон бери шаарда жашап келген.  Аны тааныгандар акыркы мезгилге ичимдик көбүрөөк иче баштаганын айтышты. Окуя болгон күнү да ичкен экен”, – деди басма сөз катчы. 

Аял буга чейин да ошол тегеректеги бийик кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштоого аракет кылган. Анда өз убагында башкалар көрүп калып, кырсыкка жеткирбей сактап калышкан.

Дарыгерлердин айтымында, аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган, ал эми баласы башынан жараат алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *