50 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басары 14 жылга эркинен ажыратылды

 Мезгил

50 миң доллар пара менен кармалган транспорт министринин  мурдагы орун басары 14 жылга эркинен ажыратылды. 

 Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май районунун соту чыгарды.

Эске салсак, унаа жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиев былтыр 5-декабрда 50 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Пара Эпикин-Дыйкан, Башкууганды жол тилкелерин калыбына келтирүү боюнча тендерде компаниялардын биринин кызыкчылыгын коргоо үчүн берилип жаткан.

Айыпталуучунун жактоочусу сот өкүмүн жогорку инстанцияда талашуу ниетинде.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *