Абылгазиев иш сапары менен Таласка барат

 Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда,  жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Мааым болгондой, сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар айыл чарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.

Анын ичинде Премьер-министр Бакай-Ата районундагы «Нур»  көп тармактуу айыл чарба кооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайра иштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добо айылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн текшерет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *