Төрөбаев: “Экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этчү күчкө ээ эмес”

Мезгил

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев  экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тиреш боюнча фейсбук баракчасы аркылуу  комментарий берди.  Билдирүүдө төмөндөгүдөй жазылган:

“Алмазбек Атамбаев алты жыл бою элибизди “Акаев, Бакиев” деп коркуткан ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегени анык.

 

 Өлкөдөгү коррупция сот түзүмдөрүндө, прокуратура, укук коргоо жана коопсуздук кызматтарынын төмөн жакта иштеген кызматкерлеринин арасында өтө терең тамырлашып кеткендиктен, аны менен күрөшүү кыйынчылыкка турууда. Бирок ага карабастан, бүгүнкү күндө партиялаштарына, досторуна, туугандарына карабай коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат.

 

Президенттин бир гана таянычы, тиреги жана сынчысы бар – ал Кыргыз мамлекетинин эли. Ошондуктан ал убакытты текке кетирбей, кээ бир адамдар тарабынан айтылган сын-пикирге, таарынычтарга маани бербей, өлкөнүн тагдырын жана келечегин ойлошу керек”, – дейт Төрөбаев.

Эске салсак, 2017-жылы 15-сентябрда өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча өткөн чоң жыйында Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту” деп айткан.

Ал “Сиз Кыргызстандын өнүгүшүнө чон салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштедиңиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз”, – деген.

Ал эми   Төрөбаевдин ” бизди  сындап бышырдыңыз” деген сөзүнө Атамбаев “Дары болсун!” деп жооп берген. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *