Кыргызстандын карызы 4 млрд 425,10 млн долларды түздү

Мезгил

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд 425,10 млн АКШ долларын (302 млрд 905,43 млн сомду) түздү, анын ичинде:

3 млрд 839,77 млн АКШ доллары (262 млрд 838,47 млн сом) мамлекеттик тышкы карызды түзсө,  585,33 млн АКШ доллары (40 млрд 66,96 млн сом) ички карызды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. Мекеме тараткан маалыматка таянсак,  бул сан ички дүң өнүмгө карата 53,9% түзөт.

Кыргызстан карыздын көбүн Кытайдан алган. Бул өлкөгө жалпы карыздын 42 пайызы туура келет. Көп тараптуу насыялардын ичинен биринчи орунда Дүйнөлүк банктын курамына кирген Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан алынган насыялар турат.

Ал эми эки тараптуу келишимдер боюнча алынган карыздын 90% Кытайга, Орусияга жана Жапонияга төлөнүшү керек.

Былтыр тышкы карызды төлөөгө 157 миллион доллар жумшалган, эки тараптуу макулдашуулар боюнча эң көп каражат Кытайдын Импорт-экспорт банкына төлөнгөн. Ал эми 2018-жылы карыздарды төлөөгө бюджеттен 25 миллиард сомдон ашык каражат каралган. 

Кыргыз өкмөтү тышкы карызга алынган каражаттар негизинен инфраструктуралык долбоорлорго жумшалып жатканын айтып, бул үчүн тынчсызданууга негиз жоктугун билдирип келет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *