60 күндө 600 метр жол оңдой албаган Суракматовго дүнк!

    Мезгил

Борбордун Москва көчөсүнүн асфальт төшөлмөсүн жаңылоо боюнча оңдоо иштери сентябрь айынын башында башталган. Анда Абдрахманов менен Панфилов көчөлөрүнүн аралыгы тосулуп, эски асфальт казылып алынгандан бери жол куруучулар кыбырап эле келишет. Эми жаңысын төшөп жатышат. Октябрь айынын аягына чейин Абдрахманов менен Манас кең көчөсүнө чейинки аралык оңдолуп, пайдаланууга берилет экен.

Бир жарым айдан бери шаарыдын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Москва көчөсүн оңдоп бүтө албаган шаар бийлигине элдин нааразылыгы ашып кетти. Аткени бул көчөдө банк, мектеп, балдар бакчасы, кеңсе, дүкөн сыяктуу мекемелер тыгыз жайгашкан. Транспорт каттамы болсо тыгын болуп, 1,5 айдан бери үзүлтүккө учурап келет. Бул көйгөйдү Суракматов тыңгылыктуу чече албаган, шалаакы мэр экен деген пикирлер арбын айтылууда.

Деги шаар ичиндеги жол курулуштарынынан жаралган көйгөйлөрдөн арылуунун жолу барбы? Албетте бар.

1) Транспорт көп каттаган шаардын жолдорун кыска мөөнөтө оңдоо үчүн аны 2-3 тилкеге бөлүп, 2-3 жол куруучу компанияга берип салса болот. Бир учурда 1 көчөнү оңдоодо 2-3 компания иштеп, жумуш бат бүтөт.

2) Жол куруу компанияларына ишти тездетүү үчүн жумушчуларды 3 смендеп сутка бою иштетип, кыска мөөнөттө куруу талабы коюлушу керек.

3) Жол сапаттуу болушу үчүн компаниядан 15-20 жылдык кепилдик алуу керек.

Башка мамлекеттердин чоң шаарларында мындай иштер колго алынган. Ал тургай кыргыз мигранттары да ал жакта 3 смендик мындай жумуштарда эмгектенип келишет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *