Өзбекстан: Шавкат Мирзиёев жеке ишкерлерге жеңилдик берди

Мезгил

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жеке ишкерлерге бир катар жаңы жеңилдиктерди берди. Бул тууралуу өлкө башчысы  тиешелүү токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, үй-бүлөлүк субъектилер дагы жеңилдиктерге ээ болушат. Эми алар юридикалык билими бар адамдын катышуусуз эле үчтөн ашпаган туруктуу жумушчу жалдап, алар менен эмгек келишимин түзүү, ошондой эле үй-бүлөлүк ишкерликтин субъектиси катары эмгек жашына жеткен жакын туугандарын жумушка тартуу укуктарына ээ болушат.

Ошондой эле, жеке ишкерлер ар бир жалданган жумушчу үчүн төлөнүп келген белгиленген салыктан, андан тышкары калкынын саны 5 миң кишиден ашпаган конуштарда чач тарач, буюртма менен кийим тигүү, бут кийим оңдоо жана коомдук мончо өңдүү кызматтарды көрсөтүү ишканаларын ачкан жеке ишкерлер 2023-жылга чейин бардык салык түрлөрүнөн бошотулат.

Аны менен катар алгачкы жолу жеңилдетилген шарттар менен кичи насыя алган жеке ишкерлер 6 ай белгиленген салыкты төлөшпөйт.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *