7 миң сом төлөп, автоунаанын номурун берсеңиз анын ээси, айып пулдары, канча баласы, алар каерде жүрөт баарын айтып беришет

Мезгил

Мамлекеттик каттоо кызматы, Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фондду жана уюлдук байланыш операторлору «коррупциялык схема түзүп алышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев айтып чыкты.

Анын айтымында эл ѳкүлү жеке нотариуска өзү кирип, акча төлөп, сураган маалыматынын баарын алганын айтып, далил катары кагаздарды да  көрсөттү.

«7-8 миң сом төлөп, автоунаанын номурун берсеңиз анын ээси, айып пулдары, канча баласы, алар каерде жүрөт, чет өлкөгө чыгышы тууралуу баарын айтып берет экен. Ал эми  7 миң сом төлөп, телефон номурун берсеңиз, сизге бир ай ичинде кимдер менен сүйлөшкөнүн, кайсы жерде жүргөнүн мына минтип чыгарып берет. Бул тууралуу ачык-айкын жаранмалап да жүрүшөт.  

 

Ѳкмөт 1-февралга чейин жарандардын жеке маалыматынын купуялыгын коргой турган орган түзүүгө убада берген. Бирок бул маселе азырынча ишке аша элек. Эгерде түзүлө турган болсо ал мамлекеттик орган парламенттин карамагында болушу зарыл-деди Маматалиев

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *