8-августта талкаланган “Коопсуз шаардын” камералары 4 миллион сомго жабыркаган

  Мезгил

 8-августта талкаланган “Коопсуз шаардын”  камералары 4 миллион сомго жабыркады. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен  билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 4 камера 7 Апрель -Аалы Токомбаев, Чүй-Шопоков, Бөкөнбаев- Абдрахманов жана  Чуй-Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде талкаланган. Басымдуу түрдө коомдук видео байкоо системасы жабыркаган.

Ал эми жол кыймылынын эрежелерин бузууларды каттаган аппараттар иштөөсүн улантууда.

Жабыркаган жабдууларды “Вега” компаниясы калыбына келтирет. Учурда бейбаштарды укук коргоо органдары издөөдө.

Эске салсак,  8-август  түнү Ала-Тоо аянтындагы митингчилер 3 камераны талкалап кетишкен. Жабдуулар 7 Апрель-Аалы Токомбаев, Чүй-Шопоков жана Бөкөнбаев-Абдрахманов көчөлөр кесилишинде жайгашкан.  Бейбаштардын жүзү камерага түшүп калган, алар укук коргоо органдары тарабынан изделүүдө. 

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *