Якутия: Зордуктоого шектелип кармалган эки кыргызстандык камакка алынды

Мезгил

Якутиянын шаардык соту 20-мартта алардын баш коргоо чарасын карап, сот жергиликтүү аялды күчкө салып кармап турган деп шектелип жаткан эки кишини 17-майга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Соттун токтомуна нааразы болгон тарап  үч күндүн ичинде башка жактарга арызданууга болот.

Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган жарандардын зордуктоого катыштыгы бар-жогу жөнүндөгү маалыматтар иликтенип жаткандыгын кошумчалайт.

Якутиянын укук коргоо органдары жергиликтүү тургундун арызынын негизинде зордуктоо жана адам уурдоо фактысы боюнча иш козгогон.

Ал эми Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча жекшембиде полицияга 36 жаштагы Оксана аттуу аял кайрылган. Ал 16-мартта түн ичинде үч адам зордоп машинеге салып, белгисиз тарапка алып барып зордуктаганын билдирген. Полиция Якутскидеги автосервистердин биринде таксист болуп иштеген үч адамды кылмышка шектүү катары кармап, алардын бири, 23 жаштагы кыргызстандык жаран өз күнөөсүн мойнуна алганын билдирди.

Буга карабай Якутскиде жергиликтүү элдин нааразылыгы токтобой 18-март күнү кечинде 5 миңдей адамга ылайыкталган «Триумф» спорткомплексинде чогулушкан. Бул жыйынга Якутиянын бийлик өкүлдөрү да келген. Расмий органдар жергиликтүү элди улут аралык кастыкты күчөтүүгө багытталган аракеттерден алыс болууга үндөшкөн.

Ал эми Якутск шаарында иштеген мигранттар такси, автобус айдап, жер-жемиш сатып иштеген мигранттар жумушка чыга элек. Өзбектердин кафелеринин баары жабык. Абал тынчымайынча чыкпай туралы деп чечтик.

Якутск шаарынын мэри “ишке чыккыла, коркпогула, биз баарын көзөмөлдөйбүз, ыдык көрсөткөндөр болсо чалгыла” деп телеканалдар аркылуу айтып, атайын телефон номерлерди деле жарыялап жатат. Бирок биз баары бир кооптонуп турабыз –дешет.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *