Мезгил
Абактын тосмосунан баңгизат ыргытууга аракет кылган кишинин жанындагы киши милиция кызматкери экени белгилүу болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.
Маалымдалгандай, окуя мындан бир жыл мурда, 2017-жылдын аягында болгон. Анда Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылында жайгашкан №27 абакка тосмо аркылуу баңгизатын ыргытуу аракети майнапсыз болуп, алардын бири кармалган. Ал эми экинчиси качып кеткен.
Мамлекеттик соттук экспертизалык кызматтын тыянагында, ал жерден алынган баңги зат — 189,67 граммдык марихуана экендиги айтылган. Бул фактыдан кийин Кылмыш кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин натыйжасында, Бишкектеги райондук милицияда иштеген 34 жаштагы кызматкер шектелип, колго түшүрүлдү.
Учурда кылмыш иш соттун кароосуна жөнөтүлдү.