Абактагы айчырай: № -2 аялдар абагында сулуулук сынагы болду ( сүрөт)

Мезгил

Бүгүн Степной айылында жайгашкан № -2 аялдардын жатак абагында Нооруз майрамына карата Сулуулук сынагы болуп өттү. Сынакка ар бир бөлүмдөн тандалып алынган кыздар ат салышты.

Бул иш чара “Нооруз” майрамына карата уюштурулуп, сынакты  Юрий Бобков, Айгүл Чалова, Айнура Абдиева баштаган эстрада ырчылары коштоду.

Жыйынтыгында,  биринчи орунду Кундуз Кудайбергенова, экинчи орунду — Мария Мажаева, үчүнчү орунду (көрөрмандардын тандоосу менен) Милана Жаныбек кызы ал эми төртүнчү орунду  Анна Агеева ээледи. Сынактын жеӊүүчүлөрүнө ардак баракчалар менен белектер берилди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *