Абанын ченемден тыш ысык температурасы 3-августка чейин сакталат

Мезгил

1-3-август күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39 градуска чейин жогорулайт. Ошондой эле, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 30-июлдан 3-августка чейин 39-41 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ченемден тыш ысыктын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөй, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу керектигин айтты.

Министрлик адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында атайын телефонограммалар өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *