Абдишүкүр Нарматов: Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган

Мезгил

 Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр Нарматов экс- президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барган себебин түшүндүрдү. Бул боюнча  ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Учурда болор-болбос ишти көбүртүп-жабыртып, өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдалангандар өтө көбөйдү. Айтайын дегеним, бүгүн мен Алмаз Шаршеновичтин үйүнө барып, бир канча күн мурда окулуп баштаган Куранды хатм кылып, өткөндөргө дуба кылып кеткенимди саясатташтырып жарыя кылып чыккандар жөнүндө болмокчу. Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган. Менин да эңсегеним жана тилегеним элимдин ыйманы жана тынчтыгы. Мен ар бир сөзүмдү ушул максатта айтам, ар бир ишимди ушул максатта кылам. Тилекке каршы, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издегендер муну ар кандай максатта бурмалашууда. Элиме айтарым, мен мурда да, азыр да саясий максат көздөгөн эмесмин, көздөбөймүн дагы. Менин максатым, элим бейпилдикте, биримдикте, тынч жашоо кечирип, ыймандуу өмүр сүрсө деген гана тилек” дейт Нарматов.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 27-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан.  

Ал эми Атамбаевдин тарапташтары 22-июндан бери Кой-Таштагы үйунө барып колдоо көрсөтүүдө. Ал эми  бүгүн аалым Абдишүкүр Нарматов да Кой-Ташта барган сүрөтү жарыяланган.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *