Абдыжапар Бекматов: Бишкек шаарынын мэрин шайлоо качан болору 23 июль күнү белгилүү болот

Мезгил

БШКнын Бишкек шаарынын башчысын  шайлоо күнүн белгилөө боюнча отуруму 23-июль күнү өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Бекмаматов, БШК мыйзамга ылайык, өкмөт башчысы буйрукка кол койгондон кийин, 10 күндүн ичинде шайлоонун датасын белгилеши керектигин анан талапкерлери каттоо башталарын айтат.

БШК шайлоонун боло турган датасы аныкталгандан кийин 20 күндүн ичинде шайлоону өткөрүү керек. Шаар башчылыгына Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, көпчүлүк коалиция же премьер-министр өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүшөт. Ал эми Бишкек боюнча аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерге текшерүү жүргүзөт, алар мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырышат. Андан соң каттоо башталат. Шайлоого 5 күн калганда каттоо жабылат, – деди А.Бекматов.

Эске салсак, 19-июль күнү  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Албек Ибраимов расмий 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени кабарлаган. Бирок Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Бүгүн, башчы шаардык кеңештин чечимин колдоп Ибраимовду Бишкек шаарынын мэрлигинен алуу боюнча буйрукка кол койду. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

“Дастан” ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу Ибраимов УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *