Абитуриенттер үчүн атайын сайт ачылды

  Мезгил

Кыргызстанда абитуриенттер үчүн атайын  сайт ачылды. Бул тууралуу Билим  берүү министрлигинен билдиришти.

   Портал абитуриенттерге жогорку окуу жайды туура тандоого көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Анын аталышы www.university.edu.gov.kg,  ал «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында иштейт. Анда учурда иштеп жаткан баардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлардын тизмеси бар. 

Ошондой эле окуу жай тууралуу жалпы маалымат менен таанышып, байланышуу үчүн телефон номерлерин алууга да болот.

Белгилей кетсек  кечээ 8-июлдан тарта жогорку окуу жайларга абитуренттерди кабыл алуу башталган. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *