Абитуриенттердин эсине. Кайсы кесипке талап күч?

Мезгил

Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдө жана анын ичинде Кыргызстанда маянасы жогору  актуалдуу кайсы кесиптер экендигине кызыгып жатсаңыз, анда биз бул туурасында айтып беребиз. Эгерде  абитуриент болсоңуз   төмөнкү кеп кеңеш сиз үчүн. Маалымат булактарына таянсак, Кыргызстанда орточо эмгек акы боюнча дүйнөлүк рейтингде 157  мамлекеттин ичинен 122-орунду ээлейт.

Мезгил талабына ылайык жана маянасы жогору болгон 10-20-жыл мурдагы кесиптер учурда актуалдуулугун жоготууда. Мындай өзгөрүлөргө  дүйнөлүк эмгек рынок түздөн түз таасир этет.  Ал эми дүйнөдө жана анын ичинде Кыргызстанда бүгүнкү күндө эң көп маяна  алган кайсы кесип ээлери экенин карап көрөлү.

Дарыгер

Дарыгер учурда эң актуалдуу кесиптин бири. Айрыкча жогорку квалификациалуу адис хирургтарга талап күч. Алар бейтаптын өмүрүнө жоопкерчиликтүү болушат. Башка өнүккөн өлкөлөрдө хирургтардын  орточо  бир жылдык маянасы 181 миң доллар. Чындыгында жумушу оор жана жоопкерчиликтүү болгондуктан абдан түйшүктүү.Өнүккөн өлкөлөрдө бул адистин максималдуу  жылдык эмгек акысы 162миңге  жетет. Ал эми Кыргызстанда дарыгерлердин эмгек акысы иш тажрыйбасына карата болот.Биз үй-бүлөлүк дарыгерлердин алган эмгек аксын карап көрсөк. Мисалы, жаш дарыгердин айлыгы 6,5миң, беш жылдык тажрыйбасы болсо 8,9 миң сом, жогорку категориядагы дарыгер эгерде 30жылдык иш тажрыйбасы болсо 13,8 алышат. Эгерде дарыгер иш жүзүндө 100балл алган болсо  эмгек акысы 16миң 204 сомду түзөт. Жаш дарыгердин айлыгы 22миң 704 сом, беш жылдык стажы  25миң 104сом, жогорку категориядагы 30 жылдык тажрыйбасы бар дарыгердин маянасы  30миң 4 сомго чейин. Ал эми медайымдар  беш жылдык тажрыйбасы бары менен 7миң 525 сом тажрыйбасы жогору медайымдар 11миң 933сом алышат.

 

Тиш доктур

Тиш дарылоочу стамотологиялык борборлор башка өнүккөн өлкөлөрдө жана Кыргызстанда жыл санап өсүүдө. Анын ичинде жеке клинакаларда бар. Болжолдуу мындан 10 жыл мурда бул кесиптин ээлери көбүнчө эркектер түзгөн болсо, азыркы тапта карьеара кылуу үчүн көп айымдар ушул адистикти тандашат. Өнүккөн өлкөлөрдө Булардын бир  жылдык эмгек акысы 132миң долларды түзөт. Ал эми Кыргызстанда жеке стамотологиялык борборлордо иштеген тиш доктурлардын маянасы мамлекеттик бейтапканада иштеген тиш доктурлардыкынан бир кыйла  жогору.  

 

Жетекчи

Жетекчи мисалы бир мекеменин директорунун орун басары, президенттин аппарат жетекчиси жана башка кызматтагы адам болушу мүмкүн. Кандайдыр бир уюмдун кызмат орундары үчүн маанилүү чечимдерди жана кадрларды башкаруу үчүн жооптуу адам катары эсептелинет. Бул кызматтагы адамдарга эмгек акы жакшы төлөнүшү мүмкүн. Мисалы өнүккөн өлкөлөрдө булардын бир жылдык максималдуу эмгек акысы 135 миң доллар.

Учкуч

Мезгилдин талабына ылайык эмгек акысы да жогору  кесиптердин бири. Ошондуктан аба транспортуна суроо-талап мурдагыдай эле. Учакты башкаруу эң оор жумуш жана жоопкерчилиги жогору. Учкучтун милдети аман эсен жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жеткизүү болуп саналат. Мындан тышкары учакты башкарууда ар кандай кырдаалдарга туш болгондо маанилүү чечимдерди  чыгарган киши болот. Бул кесипти тандаган адам эр жүрөк,  чечкиндүү болушу керек. Учкуч жана стюардессалардын  бир жылдык маянасы өнүккөн мамлекеттерде мисалы, максималдуу 134миң доллар.

 Соода тармагындагы  аналитиктер

Ар түрдүү буюмдарды сатып алуу жана сатуу, акча табуунун  ыкмаларынын бири болуп саналат. Аналитиктер сатуу жана тейлөө тармагында кандай пайда көрүштү жакшы билишет. Бардыгын изилдеп маалыматты анализдешет.  Булардын эң башкы маселеси соода тармагындагы кырдаалга анализ жүргүзү болуп саналат. Анткени мындай маалыматтар чоң бизнесмендер үчүн абдан керек. Булардын бир жылдык эмгек акысы 111миң доллар.

 Юрист

Көптөгөн ири компанияларда мамлекеттик мекемелерде жана башка жерлерде  юрист кызматкери сөзсүз болуш керек. Юридикалык маселелер болсо    бул тармакты түшүнгөн юрист керектелет. Юрист учурдун талабына ылайык келген актуалдуу кесиптин бири. Өнүккөн өлкөлөрдө эң тажрыйбалуу юристердин бир жылдык максималдуу эмгек акысы 110миң долларды түзөт. Ал эми Кыргызстанда бул кесиптин ээлерине иш тажрыйбасына жараша айлык акы төлөнөт. Мисалы, тажрыйбасы көп болсо маянасы 15-20миң тегерегинде болот.

IT-адиси

Азыр дүйнө жүзүндө IT адисине болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жатат. ITнин көптөгөн багыттары бар, алардын ичинен азыр популярдуу болуп жаткан “Code” же программалоо тилдери “Java”, “Python”, “JavaScript” багыттарынын бирин тандап окуп, инженер-программист адиси болуп Кыргызстанда  жана чет өлкөдө иштесе болот. Анткени бул кесип ээлеринин маянасы жогору. Өнүккөн өлкөлөрдө IT адисинин  бир жылдык орточо маянасы 105 миң доллар.

Жарнама боюнча менеджер

Бүгүнкү күндө  базар экономикасына жараша ар кандай масштабтагы өндүрүш-компаниялардын саны өсүп  ортолорунда  атаандаштык пайда боло баштады. Сапаттуу товар өндүрүп  аны жарнама аркылуу элге жеткирүү керек.  Андыктан  жарнама боюнча менеджерлерге кайрылып, алар менен  иштешүү керек. Анткени жарнама чоң ролду ойногондуктан, кызыктыра турган реклама болушу шарт. Ошондо өндүрүлүп чыккан товар бат элге жайыла баштайт. Учурдун талабына ылайык жарнама боюнча менеджер кызматы керектелет. Бул адистердин бир жылдык максималдуу эмгек акысы 100миң доллардан жогору.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *