Өрүк тууралуу эмнелерди билесиз?

Мезгил

Абрикос-кадимки өрүк. Бийиктиги 3-8м-ге жеткен роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын 8 түрү бар. Алардын ичинен кадимки өрүк абдан баалуу. Аны — ден соолуктун мөмөсү дейт. Абрикостун сөңгөгүнүн диаметри 30см ден ашуун, кабыгы боз күрөң, картайган дарактарда узунунан келген жаракалар болот: жалбырактары чоң, кезектүү, жумуртка сымал, учу ичкерээк, кыры майда арадай, сабактары кызыл-кочкул. Дарак март-апрелде гүлдөй баштай, гүлдөрү жалбырактарынан мурда ачылат. Гүлдөрү бирден, чоң, мала-кызыл, бир энелик, көп аталыктан турат. 3-4 жылдык болуп жетилгенде мөмө байлайт. Мөмөсү июнь-августта бышат. Мөмөлөрү тегерек – кырдуу баркыттай сары-кызгылт, даамы таттуу алардын салмагы 10-70г. Абрикостун данеги – овалдуу-ланцеттей, уругу жалпак, мала-күрөң, таттуу же ачуу. Республикада жергиликтүү дарактардан негизги орундарды ээлейт. Бактарда өстүрүлөт. Жапайы түрү Кеминдин, Түштүк Кыргыз, Чаткал, Фергана кырларынын этектеринде өсөт.

Дүйнөдө эң даамдуу, таттуу абрикостор республиканын түштүгүндө – Баткен аймагында кеңири өстүрүлөт. Абрикоско аарылар көп келет, анын нектарынан тышкары алар чаңчасын жыйнайт.

Кадимки өрүктө 4,7-27% кант, пектин заттары, органикалык кислоталар, ийлөө заттары, аскорбин кислотасы, В1, В2, В15, Р, РР витаминдери минералдык туздар бар, каротин (А провитамини) көп. Абрикосто өзгөчө калий көп, бышкан өрүктө ал 305, кургатылганында 177мг %-ти түзөт. Кургак абрикосто 75-80% кант болот. Данегинде 58%-ке чейин кургабаган өсүмдүк майы бар. Мындан тышкары данегинде В15 витамин болот. Данектин ачуулугун гликозид амигдалин берет. Абрикостун данегинен абрикос май чыгарылат, анда амигдалин жоготулат.

Абрикостун мөмөсүн бышкан кезде же кургатылган түрдө жесе жакшы. Андан варенье, ширелер, компоттор даярдалат. Кургатылган, данегинен ажыратылган абрикос (курага) жогорку калориялуу болот. Аны суткасына 100-150 граммдан организмди чыңдоо каражаты катары, катуу ооругандан кийин, кош бойлуулукта, балдарга берсе сонун.

Жүрөк — кан тамыр ооруларында абрикос абдан пайдалуу. Себеби андагы калий көп болгондуктан, ал кандагы натрийдин ашыгын чыгарып, зааранын чыгышы оңолот. Кургак абрикос ич катканда ичти да жумшартат. Кургак өрүктү жөн деле жейт, же андан компот, кисель кайнатса болот, сорпо да бышырса жарпайт. Ал үчүн кургак өрүктөн 1 бөлүк , 1 бөлүк кант жана 2 бөлүк күрүч алса туура болот.

Абрикосту кургатканда 4 кг бышкан абрикостон 1 кг кургагы чыгат, көп убакыт бою сакталат. Көпчүлүк учурда өрүк күндө кургатылат. Ал үчүн абрикосторду суу менен чайкап, экиге бөлүп, данегин чыгарат. Андан кийин аларды 10-12 минутага лимон кычкылынын эритмесине салат (1 стакан сууга 2 чай кашык лимон кычкылы туура келет). Ал убакыт өткөндөн кийин калбырдай тешиги болгон идиштерге жайып, күнгө 3-4 күн кургатып, андан кийин бардыгын бириктирип, көлөкө жерде кургатат.

Абрикос темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулукта, гипо- жана авитаминоздо сунушталат. Абрикосто кант көп болгондуктан кант диабетинде жегенге жарабайт. Данектен алынуучу абрикос майы кээ бир дарыларды, бет майларды жасоодо пайдаланылат. Бышкан абрикосту косметика маскасы үчүн колдонсо жарайт.

Абрикостон чыккан чайыр кээ бир дарылардын курамына кирет. Чайырды апрель-августта жыйнайт. Желдетилген сарайларда, кабаты 2-3 см кылып кагазга жаят. Кургак сырье саргыч, тунук кесиндилер, даамы таттуу келет. Данегинин катуу кыртышы активдештирилген көмүр жана жогорку сапаттагы боёкту чыгарууда пайдаланылат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *