Мезгил
Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тергөө абагында ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунан билдиришти.
Маалым болгондой, ал 19-февралда ачкачылык жарыялаган.
Жакынкы аралыкта борбордун кызматкерлери ага УКМКнын СИЗОсуна барууну көздөп жатышат.
Эске салсак, Абылгазиев 26-январь күнү сурактан кийин кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.