Абылгазиев: Ат-Башыга логистикалык борбор курууга эки өлкөнүн президенти кол койгон

Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыда курулуучуу логистикалык борбор тууралуу айтып, бул  эки өлкөнүн президенттери кол койгон долбоор экендигин айтты. Өкмөт башчы  бул туурасында бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Камчыбек Жолдошбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.  Премьер-министр бул тууралуу элге туура эмес маалымат тарап жатат дейт.  

-Ал жерде негизи өндүрүш болот. Бул туурасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Кээ бир жерде мүчүлүштүк болду бирок, жалпы элге аксакалдарга жолугуп, түшүндүрдүк.   Ат- Башы эли муну өздөрү колдоп жатат. Алар “бизге ушул жерден жумуш орун түзүп бергиле” дешүүдө. Ал жерде 15 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болот жана айлыктары 15 мңден жогору болот. Социалдык тармакта 20-30- киши отуруп алып элдин баарын дүрбөтүп, коомубузда өзүнчө бир пикир пайда кылам деп жатышат-дейт Абылгазиев. 

Муну менен катар эле бул логистикалык борбор курууга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун билдирди. 

-Баса белгилей кетчү жагдай, бул логистикалык борбор куруунун башы Кытай Эл Республикасынын төрагасы келгенде ошол бизнесмен кошо  келип, мамлекеттик сапар болуп жаткан иш чаранын ичинде кол коюлган долбоор. Муну  биздин президент  Сооронбай Шарипович менен  Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин баш болуп экөө колдогон. Бул 7 млрддын ичиндеги долбоор-деди өкмөт башчы.

 

Маалымат үчүн: Былтыр 13-июнда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин  Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.

Анда “Кыргызстан — Кытай” бизнес-форумунун жыйынтыгы менен 7 миллиард доллардан ашуун суммага бир катар документтерге кол коюлган.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *