Абылгазиев: Бүгүнкү күндө биздин өлкө дүйнөгө кызыктуу болуп турат

  Мезгил

Аймактарды өнүктүрүү менен туристтик тармактын өнүгүшүн бөлүп кароого болбойт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперттер менен жолугушууда билдирди. 

«Туризм туура башкаруу жана шайкеш коротуу менен казынага көп акча алып келүү мүмкүнчүлүгү бар багыттардын бири болуп саналат. Инфраструктураны жакшыртуу аркылуу биз аймактарды дагы өнүктүрө алабыз. Бүгүнкү күндө биздин өлкө дүйнөгө кызыктуу болуп турат. Көп киреше алып келүү мүмкүнчүлүгү бар  туристтик дарамети боюнча Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун чыгарган рейтингине кошулабыз. Тилеке каршы, аны кантип жасайбыз деген так түшүнүк жок», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы жылда жүргүзүлүүчү мониторингдин жыйынтыгын мисал келтирди, ага ылайык, 2019-жылы Кыргызстанга  8,5 миллиондон ашык чет элдик жаран келген. 

«Мен келгендердин баары – туристтер деген ойдон алысмын. Бирок жок дегенде булардын жарымы биздин өлкөгө эс алуу үчүн келди деген ойдомун. Биз бүгүнкү күндө туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу ниетибиз бар. Туризм ата мекендик экономиканын алдыңкы тармактарынын бири болушу шарт. Эгерде 2019-жылы ИДПдагы туризмдин үлүшү 5% түзсө, 2023-жылга карата бул көрсөткүчтү 7%га чейин жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн, мисалы, өлкөгө кирген туристтерди эсептөөнүн усулун карап чыгуу шарт. Сиздердин сунушуңуздардын негизинде биринчи кезекте көңүл бура турган башка аспектилер дагы бар», -деп Мухаммедкалый Аблыгазиев эл аралык эксперттерге кайрылды. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *