Абылгазиев Бишкектеги тез татым жайындагы өрттүн себептерин тыкыр иликтөөнү тапшырды

Мезгил

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев  Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

 Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган,  алардын ичинде 3 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Үч бала тез жардам кызматы аркылуу Балдардын шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна тогуз адам жеткирилди. Алардын абалы боюнча кошумча маалымат берилет.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *