Абылгазиев: Чек арадагы чыр-чатактарды кыйкырык-өкүрүк менен эмес, аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керек

 

Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова Өкмөт, андагы жооптуу кызмат адамдары чек арада түзүлгөн кырдаалга жакшылап көңүл бурбай, укук коргоо органдары жарандарды уруп-согуп, айрым адамдарды камап жатканын айтты. «Чек ара аймагында жашаган адамдарды камабай, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүү керек», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы чыр-чатактар эч качан кыйкырык-өкүрүк менен чечилбейт, аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин, айрым калк арасын козуткан адамдарга карата түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, алдыналуу чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи. «Чек арага көңүл бурулбай жатат деген туура эмес. Биздин жумуш күн сайын чек арадагы абал менен таанышуудан башталат. Буга чейин көп жумуштар жасалды, дагы жасалат», – деп кошумчалады премьер-министр.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *