Абылгазиев Казакстанда каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн алып келүүгө жардам берүүнү тапшырды

   Мезгил

 Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Кызылордо облусунда жол кырсыгында каза тапкан кыргыз жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине,  Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүү, анын ичинде набыт кеткендердин сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, Өкмөттүн Аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.

Эске салсак, Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча   1-август күнү  Казакстандын  Кызылордо облусунун Кармакшин районундагы «Батыш Кытай – Батыш Европа» унаа жолунда «Тойота-Естима» маркасындагы унаанын жана «Мерседес Бенц» жүк унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын беш жараны 1974-ж.т. А.К., 1978-ж.т. С.Н., 1983-ж.т. А.Т., 1991-ж.т. М.У., 2001-ж.т. К.А.  көз жумган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармакшин райондук ооруканасына ар түрдүү жаракаттары менен КРнын үч жараны 1992-ж.т. У.А., 1992-ж.т. М.М. жана 1998-ж.т. К.А., жаткырылган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *