Абылгазиев өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербей тургандыгын убадалады

  Мезгил

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасы менен таанышты. Анда мындан ары өкмөт кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербей тургандыгын айтты.

«Биз, тилекке каршы, лицензия берүүдөгү буга чейин түзүлүп калган шарттарды аргасыздан аткарып келгенбиз. Эми мындан ары көзөмөлсүз берүүгө жол берилбейт. Буга чейин компаниянын тарыхына анализ жасалбай, алардын иш планын билбей туруп, уруксат кагазы берилип келген.  Мамлекеттик органдар жергиликтүү эл менен иштешүү маселесин инвесторлорго оодарып, өздөрү четте калчу. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары формалдуу иштер менен гана алектенип келген. Бул келишпестикке жана түшүнбөөчүлүккө алып келчү. Эми биз бул иштерди тийиштүү деңгээлге гана чыгарбастан, мамлекеттин кен иштеткен компаниялардагы милдеттүү үлүшүн бекитип бердик. Бул эффективдүү кызматташтыкты, жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүүнү шарттайт жана бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөлдү күчөтөт. Мындай жол биздин жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *