Абылгазиев: Коомчулуктун инвесторго карата калыс жана объективдүү мамилесин калыптандырууга убакыт керек экен

      Мезгил

Өлкө тарыхында алыскы районго соода-логистикалык борборун уюштурууга миллиондогон доллар салууга ниеттенген ири инвестор мамлекеттин эч кандай кепилдигисиз алгачкы ирет келди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-түзүмдөрдүн жана донордук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

-Тилекке каршы, биз коомчулуктун инвесторго карата калыс жана объективдүү мамилесин калыптандыруу үчүн убакыт керек экенин моюнга алышыбыз керек. Өкмөттүн бүгүнкү күч-аракеттери буга чейинкилердин олуттуу катачылыгынын кесепетин тартууда. Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын флагманы кылуунун ордуна коррупциянын уюгуна айлантып, өлкөнүн кызыкчылыгына чыккынчылык кылуунун, жаратылышты кыйратуунун мисалы болуп калган мурда кабыл алынган чечимдерге карата элдин ишенбөөчүлүгү түрткү болорун өкүнүү менен билдиребиз. Ошол эле учурда жарандардын ою эске алынбай, жергиликтүү элдин кызыкчылыгы корголбой калган.

Премьер-министр белгилегендей, бүгүнкү күндө түзүлгөн кырдаал инвестицияны коргоо чөйрөсүндө, өзгөчө жергиликтүү эл, баарынан биринчи жаштар менен өз ара кызматташуудагы иштөөнүн айрым принциптерин кайра карап чыгуунун зарылдыгы бышып жетилгенин ачык эле көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев ырастагандай, Өкмөт мындан ары да өлкөгө ири инвесторлорду тартууну уланта бермекчи жана Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүү үчүн шарттарды түзөт.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *