Абылгазиев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу боюнча кезектеги отурумун өткөрдү

    Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргызстандын  аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчилери көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти. 

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, бүгүнкү күнү республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Анын айтымында, жакын арада кыргызстандык медицина кызматкерлери россиялык жана кытай кесиптештеринен коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттерди алууну күтүп жатышат.

Жыйында белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту эл аралык масштабдагы өзгөчө кырдаал катары таанып, бир катар өлкөлөр Кытай менен аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизди.

«Биз короновирус инфекциясынан тез арылуу максатында кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча активдүү иш-чараларды активдүү жүргүзүп жатат. Тышкы иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кытайлык өнөктөштөргө гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маселени иштеп чыгуулары зарыл», – деди Премьер-министр.

 Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *