Абылгазиев мамлекеттик үлүшү бар компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды

Мезгил. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун ишмердүүлүгү маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мамлекеттик үлүштүү компанияларда натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) жана менеджментти баалоо критерийлерин эки жумалык мөөнөттө киргизүүнү тапшырды.

Мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын жетекчилери катышкан кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасына ылайык, учурда Фонд 50% ашуун акцияларынын менчик ээси катары саналган 22 акционердик коомдо ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) киргизүү пландаштырылууда.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун активдеринин жана капиталынын рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү жыл сайын төмөндөп, туруксуз болууда. Компаниянын реалдуу абалын талдап, анын өнүгүүсүн болжолдоого мүмкүндүк болбой жатат.

Ишмердүүлүк натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) өзүнө акционерлердин инвестицияларынын рентабелдүүлүгү, акционердик капиталдын рентабелдүүлүгү, активдердин рентабелдүүлүгү, таза үстөктүк маржа, операциялык чыгымдардын көрсөткүчтөрү, өздүк капиталга милдеттенмелердин коэффициенти, адекваттуулук коэффициенти жана узартылган кредиттердин үлүшү боюнча көрсөткүчтөрдү камтыган өнүккөн экономикада кабыл алынган индикатор боюнча баалоо сунушталууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күнү башкаруу сапатынын төмөндүгүнөн мамлекеттик үлүштүү акционердик коомдордун көп бөлүгү натыйжасыз жана чыгашалуу болуп саналууда. «Рыноктук мамилелердин шарттарында ишканалардын жетекчилери заманбап рыноктук механизмдерге ылайык таасирдүү иштөөлөрү зарыл. Ачык жана айкын менеджмент, мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын жеке менчик ишканалар менен ачык атаандашуусу болушу кажет», – деди Премьер-министр.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *