Абылгазиев маморгандарды натыйжалуу программалык бюджет долбоорлорун иштеп чыгууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды

Мезгил. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу  кеңешмеде  мамлекеттик  органдарды  натыйжалуу  программалык бюджет долбоорлоруништеп чыгууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды.
Бюджеттик процесстин ишинин программалык-максаттуу принциби жана бюджетти уюштурууга өтүү  бюджеттик  чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуунун бирден-бир  негизги  ыкмасы болуп  калаары  болжолдонууда.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгекжана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле Транспорт жана жолдорминистрлигинин жетекчилери Өкмөт башчыга өз ведомстволорунун прграммалык бюджеттеритууралуу ой-пикирин ортого салды.

Маалыматты уккан соң, Премьер-министр иштелип чыккан программалык бюджет долбоорлорунда натыйжасызчыгашаларды үнөмдөө жана кыскартуу эсебинен мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууну камсыздаган жыйынтыктарды берүүчү конкреттүү негизделген сунуштардын жоктугун сынга алды.

«Сиздердин программаңыздар так жана түшүнүктүү болушу керек. Сиздер жыйынтыкка умтулуп, ага бюджетти натыйжалуу пайдалануунун иштиктүү  механизмдерин  киргизүүңүздөр  шарт.  Ошондо гана  бюджеттен   өз убагында жана толук көлөмдө каражат  алып, аны максималдуу кайтарым менен пайдалана  аласыздар», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Сиздер мисалга, тигил, же бул өндүрүшкө  заманбап  технологиялардын  киргизилүүсү  менен  маанилүү  каражаттарды  үнөмдөөгө мүмкүндүк  жаралаарын  жана  ал  каражаттар  башка  керектүү  максаттарга  пайдаланылаарын  так көрсөтүңүздөр”, -деди өкмөт башчы.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *