Абылгазиев: Мен кооз сүйлөгөндү жактырбайм, иштеш керек

Мезгил

  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖИА бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушту, анда ишкерлик чөйрөсүндөгү өтө зарыл жана актуалдуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өкмөт башчы: «Мамлекет бизнестен көз каранды экенин моюнга алуу керек, себеби анын натыйжалуу ишинен көптөгөн социалдык маселелердин чечилиши көз каранды болуп саналат. Алсак, ишкерлик чөйрөнүн өнүгүүсү, республиканын гүлдөп өсүүсү. Дал ушул үчүн өлкө Өкмөтү бизнес-коомчулук менен биргеликте бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн жана ишкер чөйрөнү жакшыртуунун үстүндө иштөөнү улантат. Өкмөт тарабынан Ишкерлик кодексин иштеп чыгуу иштери башталды.

Өткөн жылдан тартып салык процедураларын фискалдаштыруу иштери жүрүүдө. Биз товарларды каттоо канчалык маанилүү экенин жана ал коррупциянын деңгээлине канчалык таасир берерин жакшы билебиз.

Бүгүн түрдүү баалоолор боюнча 24% кем эмес бизнес «көмүскөдө» турат. Биз легалдуу бизнес саясатын жүргүзүп жатпайбызбы. Мен жолугушууга силердин күнүмдүк көйгөйлөрүңөр тууралуу угуу үчүн, диалог түзүү максатында келдим. Мен кооз сүйлөгөндү жактырбайм, жөн гана иштеш керек», – деди.  

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *