Мезгил
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-мартта Эр-Рияд (Сауд Аравия Королдугу) шаарында өтө турган «Camel Fest» эл аралык этнофестивалынын жабылыш салтанатына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бегилей кетсек, «Camel Fest» алкагында «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалы өтүп, ага Кыргызстандын миңден ашуун өкүлү катышты.
Фестиваль эртең 23-мартта жыйынтыкталат.