Мезгил
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен “Унаа” мекемесинин директору Алымжан Козубаев кызматтан алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу өкмөткө «Унаа» мекемесинин директорун ээлеген кызматын ордунан бошотууну сунуштаган.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жүргүзүлгөн мониторингдерге ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча этаптуу иш-чаралардын жарымынан көбү аткарылбай калганын баса белгилеген.
Мезгил ньюс