Абылгазиев: «Унаа» мамлекеттик ишканасына коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем

Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге күтүүсүз баргандан кийин  «Унаа» мамлекеттик ишканасына да барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүү.

«Чындыгында, мында адамдар көп, кезектер чоң. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Имарат ыңгайсыз жана тар. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн банктык төлөм карталарын колдонуу менен накталай эмес төлөм системасын орнотуу зарыл. Жөнөкөй эле жарык берилген эмес, коридор караңгы. Азыр көптөр унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп туруп чарчашкан. Бирок, мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан унаа каражаттарына мамлекеттик номерлерди чыгаруу процесси менен таанышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Калкты тейлөө борборунун, ошондой эле «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине бүгүнкү кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Мезгил ньюс 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *